Футбол боюнча Аргентина курама командасы Азия турнирине чыгып, анда Кытай курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу TycSports сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, иш-чара ушул жылдын октябрь айында өтөт жана Аргентина футбол федерациясы менен Лионель Месси абдан популярдуу болгон Азия өлкөсүнүн ортосундагы коммерциялык келишимдин натыйжасы болуп саналат. Аргентинанын машыктыруучусу Лионель Скалони жогорку деңгээлдеги эл аралык атаандаштарга каршы ойноону максат кылууда жана ушул себептен ФИФА рейтингинде жогору турган командалар менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Анын ичинде Япония, Түштүк Корея же Орусия бар.
Белгилей кетсек, бүгүн Аргентина курама командасы оюнчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады, алардын арасында «Интер Майами» клубунун жарым коргоочусу Лионель Месси дагы бар.