Ош шаарында Ак-Буура дарыясына бала агып кетти. Тез жардам чакыруусу кечээ 112 кызматына келип түшкөн. Баланы издөө иштери башталганын ӨКМ билдирди.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылды. Буга кошумча ИИМден 5 кызматкер, туугандарынан 4 адам, жалпы 17 адам издөөгө чыгышкан.Өз кезегинде түштүк борбордун мэриясы билдиргендей, Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 12 жаштагы баланы издөө иштерине байланыштуу бүгүн Папан суу сактагычынан суу берүү толугу менен токтотулат. Тургундардан таза суу камдап алууну суранышат.