16:36
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

28-майда Ош-Алматы аба каттамы ачылат

Казакстандын Air Astana авиакомпаниясы 2025-жылдын 28-майынан тарта Ош-Алматы каттамын ача турганын билдирди.

Каттамдар жумасына төрт жолу шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү заманбап Airbus A320 учактары менен жогорку сапаттагы тейлөөсү менен аткарылат.

Билет баасы: Ош — Алматы — 6 миң 651 сомдон, Алматы — Ош — 5 миң 453 сомдон.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын FlyArystan арзан авиакомпаниясы 2025-жылдын 3-июлунан тарта Алматыдан Ысык-Көл эл аралык аэропортуна (Тамчы) түз каттамдарды ачат.

Каттамдар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү — 31-августка чейин аткарылат.

Алматыдан Тамчыга чейин 55 мүнөт, кайра кайтып келүү бир саатты түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар