16:36
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Кыргызстан картошка менен өзүн толук камсыздайт

2025-жылдын башында картошканы импорттоо ички рыноктогу бааны турукташтырууга гана багытталган. Кыргызстан ички рыногун картошка менен толук камсыздап жатканын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түшүмдүн жылдык көлөмү 1 миллион 200 миң тоннаны түзөт.

«Ички керектөө 700 миң тонна болсо, 300-400 миң тонна үрөнгө, 100 миң тоннага жакыны экспортко кетет.2025-жылы чет өлкөдөн (анын ичинде Кытай Эл Республикасынан) картошка импорту түздөн-түз ички рынокто бааны турукташтырууга багытталган жана ал өз максатына жетти. Картошканын баасы 80-90, кээ бир учурларда 100 сомго чейин өстү. Бул жөнөкөй керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулардын) капчыгына чоң сокку болду.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын так коргоо максатында бааларды турукташтыруу зарыл болгон. Ошол эле учурда импорттолгон картошканын көлөмү ички керектөөнүн бир пайызына да жетпейт. Ошондуктан, айрым депутаттардын айткандары негизсиз жана чындыкка дал келбейт», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2025-жылдын январь-март айларында картошканын экспорту 17 миң 420,8 тоннаны, ал эми жалпы импорт 9 миң 11 тоннаны түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар