16:21
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

ӨКМ эскертет: Кыргызстанда сел жүрүшү мүмкүн

18-19-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тургундарга өзгөчө дарыялардын нугуна жана бооруна жакын жерде сак болуу сунушталат.

«Эгер өзгөчө кырдаалдын белгилерин байкасаңыз, дароо 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана линия күнү-түнү иштейт», — деп белгилешти ӨКМ.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды белгиленген мөөнөттө зарылчылык болбосо тоолуу аймактарга чыкпоого жана расмий билдирүүлөргө көз салууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар