16:30
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Быйыл 12 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда иштөөгө уруксат алган

2025-жылдын 30-апрелине карата 12 232 чет элдик адиске 60 күнгө жарактуу бирдиктүү уруксат берилген. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылга белгиленген квота 25 миң адамды түзөт. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы 17 989 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алган.

Башкармалыктын башчысы 2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдик жарандарга уруксат алуу процесси өзгөргөнүн эскертти. Анын айтымында, азыр бардык документтер evisa.e-gov.kg порталы аркылуу «бирдиктүү терезе» принциби боюнча берилет.

Ал эми иш берүүчү тарабынан электрондук түрдө берилген бардык документтер шайкеш келсе, чет өлкөлүк жаран уруксатты мындан ары ведомстволор аралык комиссиядан эмес, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынан алат.

Кыргызстанда иштөөнү каалагандардын арасында дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн келген өкүлдөр бар.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда төмөнкү адамдар иштөөгө уруксат алышкан:

Кытай — 2844 адам

Бангладеш — 2573 адам

Пакистан — 1489 адам

Түркия — 314 киши

Индия — 214 адам

Өзбекстан — 122 адам

Филиппин — 17 адам

Түркмөнстан — 14 адам

АКШ — 13 адам

Корея — 40 адам

Вьетнам — 35 адам

Непал — 4 адам

Башка мамлекеттердин өкүлдөрү — 4553 адам

Бардыгы: 12 232 чет өлкөлүк жаран уруксат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар