15:50
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Бишкекте 400гө жакын окуучу Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында катталган

2024/25-окуу жылында (сентябрь айынан апрелге чейин) 384 мектеп окуучусу Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын (ИДН) каттоосунда турат. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын директору Рахат Мусаева билдирди.

Анын айтымында, мектепте 917 бала катталса, 1178 окуучу тобокелчили топто турат.

Салыштыруу үчүн: 2022/23-окуу жылында Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын каттоосунда 368, 2023/24-окуу жылында 479 окуучу болгон.

Рахат Мусаева кошумчалагандай, жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтер, анын ичинде мектеп окуучулары арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча 9 мектептин директорлоруна (алардын бирөө ээлеген кызматынан бошотулган), 17 мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басарларына тартиптик жаза чаралары колдонулган.

Эң көп окулган жаңылыктар