15:51, 16 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө жоокерлерди куугунтуктаган аскер кызматкери кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министр Бообек Ажыкеевдин тапшырмасы менен тартиптик нормаларга туура келбеген аракеттер — аскерге милдеттүүлөрдү куугунтуктоо фактылары боюнча комиссия түзүлүп, кошумча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Жоокерлерге кысым көрсөтүү иштерине коммиссия түзүлүп, кошумча иликтөөлөр жүргүзүлдү.
Натыйжада өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбагандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн:
— 86123 аскердик бөлүк — Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызмат ордунан бошотулду;
— өз кызматтык милдеттерин толук алып бара албагандыгы, өздүк курам менен талаптагыдай деңгээлде иш жүргүзбөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары-штаб башчысы кызмат ордунан төмөндөтүлдү;
— өз кызматтык милдеттерин толук аткарбагандыгы, өздүк курам менен талаптагыдай деңгээлде иш аткарбагандыгы үчүн КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуундун командири жана үчүнчү куткаруу кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат орундарынан төмөндөтүлдү.
Мындан сырткары, мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге мыйзам чегинде сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле жоокерлерге кысым көрсөткөн аскер кызматкери учурда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.