13:24
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

19-майда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт. Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышат.

Парламенттен билдиришкендей, 18-майда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келип, төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушат.

Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар