13:47
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Бишкекте Садыр Жапаровго байланыштуу имарат бузулууда. Расмий түшүндүрмө

Социалдык тармактарда Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттарды демонтаждоо иштери жүрүп жаткан видео талкууга алынууда. Буга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов расмий түшүндүрмө берди.

Ал аталган даректе имараттардын буздурулушун көрсөткөн видео соцтармакта ар кандай жоромолдонуп жатканына байланыштуу тактык киргизүүнү туура көргөнүн белгилеген.

«Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкө боюнча Кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзамдын алкагында президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга каттаткан мүлктөрүн, анын ичинде Бишкектеги Киев көчөсү 96 дарегиндеги имаратты өзүнө каттатканын билдирген.

Бул кадамы менен мамлекет башчысы активдерин башкаларга каттаткандарды, же чет жакта кармагандарды ресурстарын өлкөгө кайтарууга, легалдуу иштөөгө үлгү катары көрсөтүп чакырык жасаган.

Имараттын буздурулуп жатышы болсо анын жанында кошуна жайгашкан башка курулуш обьектилеринин кожоюндарынын өз имараттары менен бирге Киев көчөсү 96 дарегиндеги обьектини да бузуп, кеңейтилген жер тилкесинде көп кабаттуу ири комплексти куруу сунушу жана демилгесине байланыштуу.

Башкача айтканда, соцтармакта сөз болгондой бир эле имарат эмес, ага жакын жайгашкан башка курулуштардын да бузулушу күтүлүүдө.

Демек бул аракет кошуна имараттардын кожоюндарынын өз ара макулдашуусунун жыйынтыгы.

Кошуна жайгашкан имараттардын ордуна бир ири комплекс курулуп бүткөндө ал курулушка салым кошкондорго үлүштүк негизде таандык болуп калат», — деп жазды ал.

Эң көп окулган жаңылыктар