08:30, 19 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун 180 миң ыр сабынан турган академиялык басылмасы түрк тилинде Түркиянын Элазыг шаарында жарык көрдү. Бул тууралуу Манас Улуттук Академиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, үч томдук Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун баш сөзү менен чыккан. Эмгек кыргыз элинин руханий дөөлөтүн таанытууда зор кадам болуп саналат.
Китепти Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев редакциялап, түрк окурмандарына даярдаган. Басылма Шенер Булут мырза негиздеп жана жетектеген «Манас» басма үйүндө ишке ашты.
15—17-май күндөрү Элазыг шаарында «Манас» эпосунун 1030 жылдыгына жана Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бул маданий окуялар ТҮРКСОЙ уюму, Элазыг губернаторлугу, Элазыг мэриясы, Фырат университети, «Кыргыз эл биримдиги» уюму, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, «Манас» улуттук академиясы жана Алыкул Осмонов илимий-изилдөө борбору тарабынан биргелешип уюштурулду.
Аталган иш-чаранын алкагында «Манас» эпосу менен катар Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы да түрк тилинде жарык көрдү.