Бишкекте кайрадан күн ачык болот. 19-21-майга карата аба ырайы

09:00, 19 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Шейшемби жана шаршемби күндөрү Бишкекте күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

19-майда: жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +12 градус жылуу болот. Күндүз +23 градуска чейин жылыйт.

20-майда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +10, күндүз +28 градуска чейин ысыйт.

21-майда бир аз жылуу болуп, түнкүсүн +12 градуска, күндүз +31 градуска чейин жылыйт.

22-майда аба ырайы кескин өзгөрбөйт.