2025-жылдын 9-августунан тарта «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө үч тамгадан турган IATA кодун FRU ордуна BSZ деп өзгөртөт. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.
Кодду өзгөртүү чечими 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүдө белгиленгендей, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.
IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана «Манас» эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы белгилүү болду.