Кыргызстанда 104,5 миңге жакын бала мектептерде каттоодо турат. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.
Анын ичинде 1,5 миң бенефициар катталган. 181 миңден ашык орун бош калууда.
Бишкек шаарында 7 миңден ашык бала 1-класска, 8,4 миң бала экинчи класска барат.
Эскерте кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу катталган дарек боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул убакытка чейин ата-энелер мектепти тандаганын ырасташы керек. 2-июндан 15-августка чейин электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлөт.
12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.
2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.