14:37
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Сапар Исаковдун кылмыш иштери: Жогорку Сот аларды кайрадан кароого жөнөтөт

Экс-премьер-министр Сапар Исаковго карата соттун бардык өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Башкы прокуратуранын жана жактоочунун Сапар Исаковго карата козголгон кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өндүрүштү кайра баштоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошентип, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы өкүмдөрү, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы чечимдери жокко чыгарылган. Кылмыш иши башка курам менен Свердлов райондук сотуна жаңыдан кароого жиберилди.

Эске сала кетсек, Сапар Исаков Тарых музейиндеги коррупция жана Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттолгон. Бир кылмыш иши боюнча министрлер кабинетинин мурдагы башчысы 18 жылга, экинчисинде 15 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү Сапар Исаков абактан бошотулган. Ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол эле жылдын октябрынын аягында ага издөө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар