2025-жылдын 20-21-майында Венгриянын борбору Будапештте Түрк мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын бейформал саммити өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун катчылыгы билдирди.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын төрагалыгында өтө турган саммитке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү жана уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.
Саммит ТМУ тарыхында биринчи жолу байкоочу мамлекет тарабынан уюштурулуп жатканы менен өзгөчөлөнөт жана Венгриянын түрк мамлекеттери менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүдөгү туруктуу ролун баса белгилейт.
«Чыгыш менен Батыштын жолугуу түйүнү» темасы алдында өтө турган бейрасмий саммит мамлекет башчылары үчүн артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүү, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлдеги жалпы маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот.
жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун жалпы көз карашын жана стратегиялык багытын тастыктаган Будапешт билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар маанилүү чечимдер менен демилгелерди коомчулукка жарыялоо күтүлүүдө.
Бейрасмий саммиттин алдында ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңеши Будапешт шаарында чогулуп, саммиттин күн тартибин жана Мамлекет башчыларынын кароосуна сунуштала турган документтердин жыйынтыктоочу вариантын даярдашат.