16:59
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Ысык-Көлдө 550 орундуу оорукана комплекси курулат

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен биргеликте Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагына 550 орундуу жаңы оорукана комплексин куруу долбоорун талкуулады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, жолугушууда долбоордун негизги аспектилери, анын ичинде архитектуралык жана инфраструктуралык чечимдер, мүмкүн болуучу каржылоо булактары жана ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөттөрү талкууланды. Келечектеги медициналык мекеменин заманбап саламаттык сактоо стандарттарына, санариптик трансформацияга жана туруктуу курулуш принциптерине ылайык келүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Долбоор аймактын саламаттыкты сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтүүгө жана калктын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар