Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын парламенттеринин жетекчилери катышууда.
Парламенттен билдиргендей, алгач жалпы сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң парламент жетекчилери уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы коомдук-саясий жана аскердик кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу, коопсуздукка залакасын тийгизген чакырыктарга менен коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулоого өтүштү.
Жыйындын күн тартибинде 17 маселе бар.
Белгилей кетсек, ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин Төрагасы Файзали Идизода жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко келген. Мындан тышкары байкоочу катары Сербия Скупщинасынын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Милован Дрецун катышууда.