13:34, 19 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Аймактык коопсуздук, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчы жыйындын катышуучуларына кайрылып, азыркы дүйнө терроризм, экстремизм, кибер коркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Ал бул факторлордун бардыгы биздин өлкөлөрдөгү туруктуулукка басым көрсөтүп жатканын жана күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кыларын ырастады.
Президент мамлекеттер аралык аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууда жана колдоодо парламенттердин маанилүү ролун белгиледи.
«Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында саясий диалогду чыңдоого, экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди активдүү өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы ЖККУнун алкагындагы күч-аракеттер өнөктөштүк, өз ара түшүнүшүү жана колдоо духунда ыкчам жана макулдашылган аракеттерди курууга багытталышы керектигине басым жасады. Ал белгилегендей, Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары уюмду чыңдоо, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда анын беделин жогорулатуу, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын жана өздөрүнүн өнүгүү моделине болгон укуктарын урматтоо багытын бекем карманат.
Өз кезегинде ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Вячеслав Володин Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын уюмдун алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады.
Ал Уюмдун ишмердүүлүгүндө парламенттик катышуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Парламенттик Ассамблеянын күч-аракети аткаруу бийлигинин деңгээлинде кабыл алынган чечимдер менен айкалышып, пайда болгон чакырыктарга ыкчам жооп кайтарууга жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы координацияны камсыздоого мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз сөзүндө Кыргызстандын Уюмдагы төрагалыгынын алкагында Катчылык тарабынан жасалган иштерге кыскача токтолуп, бардык органдардын координацияланган иши тынчтыкты, коопсуздукту жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.