18:55
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстанда 90 «баатыр энеге» 3 миң сомдон жөлөкпул берилет

Кыргызстанда пенсия алууга укугу жок 90 «баатыр энеге» ай сайын социалдык жөлөкпул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

«Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына ылайык министрлик пенсия албаган баатыр энелерге 55 жашка толгондо, ай сайын жөлөкпул бере баштайт. Учурда анын суммасы 3 миң сомду түзөт.

Ал эми пенсия алууга укугу бар баатыр энелер пенсияны Социалдык фонду аркылуу алышат. 1-апрелге карата пенсия алып жаткан «баатыр энелердин» саны 31 миң 764тү түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар