Кыргызстанда 52 миң 159 жумушсуз адам бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын май айынын башына карата өлкөдө 12 411 бош жумуш орундары болгон. Алардын арасында жумушчу орундарына суроо-талап эң көп болгон. Бирок, ар бир бош орунга орто эсеп менен сегизден талапкер болсо да, жумуш орундарынын 70 пайыздан ашыгы талапка жооп берген эмес.
Эмгек мыйзамдары, кесипке үйрөтүү жана кесип тандоо боюнча 37,2 миңге жакын адам консультация алышкан. Отчеттук мезгилде иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 5335 адам ишке орношкон.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 3332 адам жиберилген. Алар айыл жерлериндеги аймактарды жана ирригациялык каналдарды тазалоо, бала бакчаларды жана мектептерди оңдоо, жайыттарды калыбына келтирүү жана башка ушул сыяктуу иштер менен алектенишет.
Эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен 2817 адам кесиптик окууга жиберилген.
Талап кылынган кесиптердин тизмеси:
PC оператору;
сатуу агенти;
ашпозчу;
косметолог;
чач тарач;
маникюрист;
массажист;
котормочу;
1С билими бар бухгалтер;
тигүүчү;
айдоочу;
электр ширетүүчү;
сантехник;
балчы.
Эмгек министрлигинин кесипке багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Өзгөн шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштейт. Отчеттук мезгилде 27 892 жаран кесипке багыт берүү боюнча консультация алышкан.
Министрлик мындай чаралар жумушсуздарга кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жардам берип, республикадагы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.