Көк бөрү федерациясынын экс-президенти Талас Бегалиев кармалды. Себеби

17:15, 19 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев кармалды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булак тастыктады.

Кармоону укук коргоо кызматкерлери УКМК менен биргеликте жүргүзгөн.

Фото Интернеттен алынды. Талас Бегалиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы 24-kg.com басылмасына билдиргендей, Талас Бегалиевге жана дагы эки адамга карата баш коргоо чарасы 16-майда тандалган, 12-июлга чейин СИЗОго камакка алуу.Б.Т.К. (Талас Бегалиев), Т.А.Т. жана Т. уулу Ч. аттуу жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинин «кылмыштуу коомду түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча шектелип кармалган.