Эки сааттан ашык убакытка созулган телефон сүйлөшүү аяктагандан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттерге чыкты. Бул тууралуу DW ТАСС агенттигине таянуу менен билдирет.
Басылманын маалыматына караганда, орус лидери америкалык кесиптешине Орусия менен Украинанын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, сүйлөшүү учурунда Дональд Трамп ок атышпоо боюнча позициясын бөлүшкөнүн айтты.
«Ошол эле учурда Украинага каршы согушта ок атышпоо келишими тиешелүү макулдашууларга жетиши мүмкүн. Мен Москва менен Киев эки тарапка тең ылайыктуу компромисстерди табышы керек деп эсептейм», — деди Владимир Путин.
Ал сүйлөшүүнүн чоо-жайын кийинчерээк анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков же жардамчысы Юрий Ушаков тактаарын кошумчалады. Америкалык тарап сүйлөшүүгө азырынча комментарий бере элек.
Бул Путин менен Трамптын расмий жарыяланган үчүнчү сүйлөшүүсү болду. Биринчиси 12-февралда, АКШ президентинин инаугурациясынан көп өтпөй болгон. Андан соң Трамп жогорку даражалуу аткаминерлерге жана Киевге Украинадагы согушту токтотуу мүмкүнчүлүгү боюнча диалог жүргүзүүнү тапшырды. Расмий түрдө жарыяланган экинчи сүйлөшүү 18-мартта болду.