09:21, 20 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
27-майдан тарта Тюмень-Бишкек-Тюмень автобус каттамы ачылат. Бул тууралуу Тюмень облусунун Башкы курулуш башкармалыгы билдирди.
Ал ар шейшемби күнү иштей турганы белгиленген. Тюмень автовокзалынан чыгуу убактысы 20.10. No1708 эл аралык каттамдын билети 5 миң рубль болот.
Саякат убактысы 38,5 саатты түзөт. Жүргүнчүлөр 2139 километр аралыкты басып өтүшү керек.