12:11, 20 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 21-майда ажылыкка баруучулардын биринчи тобу «Ош — Медина» багыты боюнча учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Зыяратчылардын алгачкы тобун Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Азирети муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, УРШ жетекчиси жана Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана Ош облусунун, Ош шаарынын казылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышты.
«Ажылык – бул Аллага болгон баш ийүүнүн эң улуу жолунун бири. Ар бир ажы өз сапарын чын ниет менен баштап, шарияттын көрсөтмөлөрүнө ылайык таза, так аткарууга милдеттүү. Ошондуктан, ыйык жайда жүргөн ар бир мусулман Сауд Араб падышалыгынын мыйзамдарын урматтоо менен, тартипти сактап, өзүнүн жүрүм-туруму аркылуу Исламдын улуулугун көрсөтүшү керек. Эл, жер, мекен үчүн дуба кылыңыздар, анткени момундун дубасы кабыл болот» — деди Азирети Муфтий.
Ал эми Бишкек — Жидда багыты боюнча алгачкы учуу 24-майда аткарылып, 29-майга чейин созулат.
Айта кетсек, Сауд Аравия быйылкы жылы да Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажыларды 140 ажы башчы жетектеп барышы күтүлүүдө.