Соттор кеңеши Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыковду ээлеген кызматынан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, тартип комиссиясы судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча корутундусун чыгарган.
Комитет бул сунушту жактырып, парламенттин кароосуна жөнөттү.