Төрт айда Кыргызстандан 13 миң тонна сүт азыктары экспорттолду

13:19, 20 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

2025-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан 13 миң тоннадан ашык сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 005,3 тоннага көп, же болбосо 44,5% өсүштү түздү.

Экспорттолгон негизги сүт азыктары:

• Каймак май — 863,4 тонна

• Балмуздак — 999,4 тонна

• Сыр — 662,3 тонна

• Кургак сүт — 363,0 тонна

• Шоро — 3,1 тонна

• Курут — 0,5 тонна

Өсүш динамикасы — Сүт азыктарынын экспортунда 44,5% өсүш катталып, бул тармакта активдүү өнүгүү болуп жатканын тастыктайт.

Негизги экспорттук товарлар — каймак май, балмуздак жана сыр эң көп көлөмдө сыртка чыгарылган. Бул товарларга сырткы рынокто суроо-талап жогору экенин билдирет. Ички өндүрүштүн потенциалы — аталган өсүш ата мекендик сүт өнөр жайынын техника, сапат жана көлөм жагынан өнүккөнүн көрсөтөт.