Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы төрага дайындалды

15:12, 20 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Директорлор кеңешинин чечими менен Эмил Такырбашев Кыргызстан Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмил Такырбашевдин финансы-банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык экономикалык мамилелер жана бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку экономикалык билим алган. Ал стажердон баштап жетекчилик кызматка чейинки жолду басып өткөн. KSFC жана РСК Банктарында иштеп, тажрыйба топтогон.

Фото Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы

14 жылдан ашык микрокредиттик жана лизингдик компанияларды жетектеген. Бир катар эл аралык долбоорлордо эксперт жана консультант болуп иштеген.

«Эл аралык өнүктүрүү фонддорунда 5 жылдык тажрыйбасы бар. Финансы, казыналык операциялар жана кредиттөө жаатында терең билимге жана практикалык тажрыйбага ээ», — деп айтылат маалыматта.