Кыргызстан менен Венесуэла дипломатиялык паспорт ээлери үчүн визаны алып салды

09:00, 21 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йоркто кол коюлган Кыргызстан менен Венесуэланын ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын жана Венесуэла Боливар Республикасынын — дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери, Макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү жана болуу үчүн визалык талаптардан 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат.