Кыргызстанда «Рух Санат» дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт

10:37, 21 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ысык-Көлдө дүйнөлүк «Рух санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Фестивалдын алкагында оозеки музыкалык искусствону алып жүрүүчү жеке аткаруучулар жана чыгармачылык топтор арасында эл аралык сынак өтөт.

Сынакка 18 жаштан жогору профессионал-музыканттар катыша алат. Чыгармачылык топтун (группанын) курамындагылар жеке аткаруучулар арасындагы сынакка катыша албайт.

Ошондой эле фестивалдын алкагында «Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери» аталышындагы эл аралык конгресс болот. Конгрессте-дүйнө элдердин оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосун таанууга жана жайылтууга, салттуу маданият аркылуу этностордун достугун бекемдөөгө, туризмди өнүктүрүүгө, искусствонун түрлөрү менен катар этномузыка жаатындагы илимий изилдөөлөр, долбоорлор үчүн аянтча түзүүгө багытталган баяндамалар жасалат.

Фестивалдын жүрүшүндө Маркет аянтча уюштурулуп, көргөзмөдө кол өнөрчүлөрдүн, музыкалык аспаптарды жасаган усталардын эмгектери, музыкалык студиялар жана технологиялар, өлкөлөрдүн музыкалык салттары чагылдырылат.

Фестиваль Маданият министрлиги жана «Кыргыздын салттуу музыкасы» коомдук фонду тарабынан негизделген.

Иш-чараны Маданият министрлиги Түрк маданияты жана мурасы фонду, КР Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору менен биргеликте уюштурууда.

Сурап билүү телефондору: +996 (507) 102 070, +996 (557) 102 070 (WhatsApp)

Электрондук дарек: ruhsanatfestival@gmail.com