Президент Садыр Жапаров Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту жана кабыл алышты:
Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;
«Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу»жөнүндө чечим;
«Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө» чечим;
Афганистан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.