05:09
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

Пайдалуу кеңеш: Дарыгер кимге чай ичпөө керектигин айтты

Медициналык эксперт Кашух ичеги-карын оорулары жана аз кандуулук менен жабыркагандарга чайды таштоого кеңеш берди

Чай адамзаттын сүйүктүү суусундуктарынын бири, бирок ашказан-ичеги оорулары, ошондой эле башка ден соолук көйгөйлөрү бар адамдар аны ашыкча колдонуудан алыс болушу керек. Мындай сунушту «РИА Новостиге» берген маегинде дарыгер Екатерина Кашух билдирди.

— Ашказан же ичеги жарасы барларга ач карын же көп өлчөмдө чай ичүүгө болбойт; аз кандуулук менен ооругандар чайды көп ичпеши керек, — деди дарыгер.

Дарыгер кошумчалагандай, кара чай бөйрөк оорусу же бөйрөктө таш пайда болуу тенденциясы бар адамдарга да сунушталбайт. Ал эми чөп чайлар аллергия менен ооругандар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар