Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдын ишин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жамиля Жаманбаева 38 жаштагы К.У. аттуу аялдын аоесуз сабалганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыгаар замат көңүл бурду. Маалымат коомчулукка жарыялангандын эртеси күнү Акыйкатчы жабыркаган аялды жеке кабыл алуусуна чакырды.
Жакынкы күндөрү ага Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө кайра операция жасалары күтүлүүдө. Жабырлануучунун айтымында, окуя 2025-жылдын 7-мартынан 8-мартына караган түнү болгон. Үч жыл чогуу жашаган жигити чыр-чатак учурунда аны мыкаачылык менен сабаган.
«Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү тайенесиникинде кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди», — деди К.У.
Улуттук госпиталдын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн дарыгерлеринин маалыматына ылайык, ал келген учурда баш мээси чайкалган, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгон. Компьютердик томография жана рентгендин жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынганы аныкталган. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.
Эртеси күнү К.У. жигитинин туугандарынын басымы менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызын кайтарып алган. Акыркы эки жарым айдан бери К.У. иштей албай, дарыланып жүрөт. Ал 9 жана 7 жаштагы балдарын жалгыз багып келет.
Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, анын укуктарын коргоодо жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
«Биз үй-бүлөлүк зомбулукка көз жумуп, кайдыгер карап тура албайбыз. Укук коргоо органдары аялдарга карата зомбулук боюнча бир дагы учурду көз жаздымда калтырбашы керек. Биздин кайдыгерлигибиз андан да оор кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн. Аялга зомбулук көрсөтүп, анын ден соолугуна зыян келтирген адам жазасыз калбашы керек», — деди Жамиля Жаманбаева.
К.У. кайрадан Ленин РИИБге арыз жазып, бул жолу укугун коргоого даяр экенин билдирди.
Акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүндү.Акыйкатчы Институту аялга зарыл болгон юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтөт.