11:11, 22 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарында жума жана ишемби күндөрү жаан жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
22-майда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +15 градус жылуу болот. Күндүз аба +35 градуска чейин жылыйт.
23-майда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +18, күндүз +28 градуска чейин ысыйт.
24-майда түнкүсүн жаан жаап, термометр +12 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз ала булут каптап турат, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +27 градуска жакын.
25-майда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Күндүз +30 градуска чейин жылыйт.