20:45
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун VIII эл аралык фестивалы өтөт

28-29-30-майда Бишкекте президенттин колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата дүйнө элдеринин эпосторунун VIII эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында бир нече мамлекеттерден келген эпостук мурасты изилдеген эпос таануучулар жана окумуштуулар үчүн эл аралык илимий практикалык симпозиум, тармактык маселелерди талкуулаган тегерек стол, жыйындар жана көчмөн элдердин турмуш философиясын кеңири чагылдырууга багытталган “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” каада-салттар, “Саркеч көчмөн” жана алгачкы жолу Сейтек айтуучулар арасында “Сейтекчи” сынактары өтөт.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 2006-жылдан бери уюштурулуп келет. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” улуттук академиясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Арт-араба” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Сынактар боюнча сурап билүү телефону:

+996 709 210 733

+996 773 601 464

Эң көп окулган жаңылыктар
22-май, бейшемби