05:28
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

Жайыл районунда балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда

Чүй облусунда Көкөмерен дарыясында балык уулап жүрүп, дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине бүгүн Жайыл райондук № 22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Эске салсак, 2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылкы Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Кечээ, 21-май күнү ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылды. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан улантууга чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар