2025-жылдын 23-майынан 27-майына чейин Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ведомстводон белгилегендей, калкка жана кызматтарга этият болуп, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу сунушталат.