«Кумтөр Голд Компани» ишканасы жакында эле «Жашыл Мурас» акциясына кошулуп, Ысык-Көлдүн ажайып кооз Григорьев капчыгайына 19 миңден ашык көп жылдык карагайлардын көчөтүн отургузуу акциясын өткөрдү. Бул жөн гана акция эмес, бул Кыргызстандын уникалдуу жаратылышын сактоого жана экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган компаниянын жалпы стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
Компания климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында экологиялык демилгелерге ири ишканалардын катышуусу абдан маанилүү деп эсептейт. Ар бир тигилген көчөт жөн гана дарак эмес, бул жалпы планетабыздын келечегине кошулган салым болуп саналат. Ушул сыяктуу жашылдандыруу акциялары башка компанияларды эле эмес, ар бирибизди шыктандырышы керек дейт «Кумтөр Голд Компани» ишканасы.
Компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү Бактыбек Турусбеков 24-kg.com агенттигине «Кумтөр Голд Компани» айлана-чөйрөнү жашылдандырууга кандай салым кошуп жатканы жана кен жайдын өзүндө жаратылышты коргоо үчүн эмнелерди жасап жатканы тууралуу айтып берди.
— Бактыбек Сагындыкович, Кумтөр ишканасы акыркы жылдары бак тигүү иштерин активдүү жүргүзүүдө. Кумтөрдүн жамааты кезектеги ишембиликте миңдеген көчөт отургузуптур. Ошол тууралуу айтып берсеңиз ?
— Туура, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын адистери менен биргеликте өлкөбүздүн эң кооз жерлеринин бири болгонГригорьев капчыгайына 19 миң Тянь-Шань карагайынын көчөтүн отургузуу акциясына катышты.
Үч жылдык көчөттөр үчүн чуңкурлар алдын ала казылып, даярдалган экен. Бул үчүн жергиликтүү токой чарбасынын кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Чынында алардын эмгеги абдан маанилүү. Көчөттөр отургузулганы бир иш, ал эми алардын тамыр алып, өсүп, өнүп кетиши үчүн талыкпаган эмгек, камкордук керек. Буйруса, отургузган көчөттөрүбүз дүркүрөгөн токойго айланат деп ишенем.
— «Кумтөр Голд Компани» буга чейин да ар кандай дарактардын көчөттөрүн массалык түрдө отургузуу боюнча ушундай эле акцияларды уюштурган эле. Мындай акциялардын максаты эмне?
— Туура айтасыз! Былтыр Каркыра жайлоосунда 300 гектар аянтка 332 400 кайың, кызыл карагай жана Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрү отургузулган. Андан мурунку жылы компаниянын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылына жакын жердеги 8 гектар аянтка Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрүн отургузган.
Мындан тышкары, компания мезгил-мезгили менен борборубуз Бишкек шаарында өткөрүлүүчү ишембиликтерге активдүү катышып, көп жылдык дарактардын көчөттөрүн сатып алып, отургузуп келет.
Биздин максатыбыз — бул токой аянттарын көбөйтүүгө өз салымыбызды кошуу, анткени учурда токойлор өлкөнүн жалпы аянтынын 3,5 гана пайызын ээлейт. Биз бул көрсөткүчтү акырындык менен көбөйтүшүбүз керек, анткени токойлор — Жер планетасынын өпкөсү, ал эми кычкылтек адамзаттын жашоосу үчүн өтө зарыл!
Бактыбек Турусбеков
— Ошол эле учурда токой аянттарынын көбөйүшүнүн башка дагы оң жактары бар эмеспи?
— Ооба, ошондой. Токойлор топурактын эрозиясына жол бербейт, дарактардын тамыр системасы топуракты бекемдейт, бул өз кезегинде жыл сайын олуттуу зыян келтирүүчү жер көчкү жана сел сыяктуу табигый кырсыктардын санын азайтат, алдын алат.
Мындан тышкары, токой аянттарынын көбөйүшү биоэкономикага чоң салым кошору да маанилүү. Токойлор бар жерде гүлдөр жана ар кандай чөптөр көп болот, бул жыл сайын өзүнүн даамдык жана дарылык касиеттери боюнча уникалдуу болгон кыргыз тоо балын чогулткан балчыларыбыз үчүн маанилүү.
Биздин бул жолку акциябыздын жүрүшүндө отургузулган дарактарыбыз буйруса Григорьев капчыгайынын көркүнө көрк кошуп, эс алуучулар жана чет элдик туристтер үчүн бул жактын жагымдуулугу бир нече эсеге жогорулайт деп ишенем.
— Бул өткөн иш-чаранын алкагында кандай максаттарды коюп жатасыз?
Муну менен башка чарба субъектилери, катардагы жарандар да бизден үлгү алышын каалайт элем. Ар бир юридикалык жак жыл сайын жок дегенде бирден көчөт отургузуп, алгачкы 2-3 жылда ага кам көрүшсө, жакынкы келечекте бак-дарактардын көлөкөсүндө керемет табиятыбыздан ырахат алабыз!
— Кумтөр ишканасы бак отургузуу акцияларынын тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кандай иштерди жасоодо?
Алтынды казып алуу — бул абдан татаал жана технологиялык жактан көп чыгымды талап кылган процесс, ага күн сайын Бишкек шаарындагы кеңседе да, түздөн-түз карьерде да иштеген миңдеген адистер тартылган.
Учурда Кумтөр кен жайында эң заманбап жабдуулар орнотулган жана алтын казып алуу жаатындагы акыркы илимий жана инженердик чечимдер колдонулууда.
Кумтөр ишканасы өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу максатында бир катар долбоорлорлду ишке ашырууда. Эң маанилүүсү албетте, алтынды жер астынан казып алуу боюнча долбоору. Ошондой эле Токмок шаарында унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтирүү жана кайра иштетүү заводунун дагы экологиялык мааниси зор. Мындан тышкары, быйыл Кумтөр кен жайында калдыктарды термикалык жок кылууга мүмкүндүк берген инсинератор орнотулду.
Биздин максатыбыз — айлана-чөйрөгө мүмкүн болушунча аз зыян келтирүү менен алтынды казып алуу. Биздин эколог-адистерибиз кен жана ага чектеш аймактардагы кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүп, алдын алуу иш-чараларын үзгүлтүксүз жасап турушат. Бул иш-чаралар кийин, алтын казылып бүткөндөн кийин дагы улантылат. Бул биздин келечек муундар алдындагы милдетибиз жана парзыбыз!