Шаар бийлиги Бишкектин конокторуна жана тургундарына көлгө түшүүдө этият болууну сунуштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия уруксат салынган жерлерде сүзүүгө, тосмо белгилеринен ары сүзбөөгө, көпүрөлөрдөн жана пирстерден секирүүгө тыюу салынганын эскертет. Мындан тышкары мас абалындагы адамдарга сууга түшүүгө тыюу салынат.
Кырсыктардын көбү ата-энелердин этиятсыздыгынан болуп жатканын билдирип, чоңдорду балдарды сууда кароосуз калтырбоого чакырат. 12 жашка чейинки балдар чоңдордун көзөмөлүсүз жүрүүгө болбой тургандыгын белгиледи.
Борбор калаадагы суу объектилеринин жанына беш баннер жана 150 даана «Сууда сүзүүгө болбойт» деген жазуулар орнотулуп, 2500 кишиге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.