10:08, 23 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Борбор калаанын мэриясы сиздерди Балдарды коргоо күнүн чогуу майрамдоого чакырат.
1-июнь майрамынын алкагында Ала-Тоо аянтында саат 10:00дөн 22:00гө чейин оюн-зоок иш-чаралары пландалууда.
Төмөнкү интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат:
— бетти боёо зонасы;
— фото зонасы — жаркыраган декорациялар жана реалдуу өлчөмдөгү куурчактар;
— пластилинди моделдөө жана чийүү боюнча мастер-класс;
— кызыктуу сынактар, флешмобдор;
— самын көбүгү шоу;
— спорттук оюндар;
— иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн бонустар (белектер).
Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын спектаклдери да коюлуп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.