01:25
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Юстиция министрлигинин Пробация департаментине жаңы жетекчи келди

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин директору болуп Данияр Калматов дайындалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматка дайындоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Белгиленгендей, Данияр Калматов пробация тармагындагы адис. Департаменттин директорунун орун басары катары бир катар реформаларга, анын ичинде электрондук көзөмөл системасын киргизүүгө активдүү катышкан. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында мониторинг бөлүмүн жетектеген. Юстиция кеңешчиси, 1-класстагы чини бар.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 19-майында аталган департаменттин мурдагы директору Кубан Казаков юстиция министринин орун басары болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар