Бишкек шаарында ала булут каптап турат. 26-28-майга карата аба ырайы

09:00, 26 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Аптанын башында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

26-майда: жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +14 градус жылуу болот. Күндүз аба +24 градуска чейин жылыйт.

27-28-майда ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +11, күндүз +26 градуска чейин ысыйт.

29-майда аба ырайы кескин өзгөрбөйт.