13:41, 26 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 27-майда Бишкекте AISKUE эсептегичтери дебитордук карызы үчүн 5800дөн ашык абонентти дистанциондук түрдө өчүрөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдирди.
Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн «Бишкек электр тармактар ишканасы» абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Шаар тургундарынын ынгайлуулугу үчүн компаниянын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттер каалаган убакта өздөрүнүн жеке кабинетинин абалын көрө алышат деп белгиленет.
Кошумчалай кетсек, тиричилик абоненттери өз балансын «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат.