Самидин кары Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

16:44, 26 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Самидин кары Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Буга чейин Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусунун казысынын кызматын аркалап келген. 1973-жылы 27-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында туулган.

Фото Мусулмандардын дин башкармалыгы

Эске сала кетсек, Ош шаарында коопсуздук кызматкерлери жергиликтүү казыяттын жетекчиси Мирланбек Токтомушевди жана дагы үч дин кызматкерин алдамчылык фактысы менен кармашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Ош шаардык казыятынын кызматкерлери түштүк борбордо жайгашкан мечит-медреселердин кызматкерлеринен системалуу жана мыйзамсыз түрдө акча чогултуп жүргөнүн билдирген.