27-майга карата аба ырайы

18:52, 26 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 27-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Баткен облусунда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +18 ...+23;

Нарын дубанында түнкүсүн +8... +13; күндүз +19...+24 градуска чейин жетет.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +22...+24 градус болот.