Бүгүн кыргызстандык Рысгүл Акимжанова дүйнөдөгү эң бийик тоо Эвересттин чокусун (8848 метр) ийгиликтүү багындырып, Кыргызстандын желегин желбиретти. Бул тууралуу Эмил Токтошев аттуу колдонуучу Фейсбук баракчасына билдирди.
Анын айтымында, жубайы Рысгүл Акимжанова бүгүн, 27-майда Непал убактысы боюнча саат 04:40та дүйнөнүн эң бийик тоосу болуп саналган 8848 бийиктикте жайгашкан Эверестке ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти.«Азыр Рысгүл ылдыйкы лагерге карай түшүп келе жатат, аман-эсен түшүп алуусун тилейбиз. Колдоо көрсөтүп, каалоо-тилек айтып турган бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.
Эске салсак, өткөн жумада Эверестке аттанган Рысгүл Акимжанова 8400 метр бийиктиктен кайра артка кайткан. Буга чокуга чыкканда ала барган кычкылтеги жетпей калганы себеп болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Асел Байбагышева дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверестти багындырган биринчи кыргызстандык болгону маалымдалган. Ал 11-майда ийгиликтүү чокуга чыккан.