Жалал-Абаддагы бала бакчада өрт чыкты. 32 бала эвакуацияланды

13:17, 27 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Алдын ала маалымат боюнча саат 11:48де нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан жеке бала бакчанын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаарындагы № 20 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 1- жана 2-бөлүмдөрү тартылган. Куткаруучулар бала бакчадан 32 баланы эвакуациялап, газ баллондорун коопсуз жайга алып чыгышкан.

Өрттүн жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.