13:31, 27 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндөгү «Хан-Теңири» жаратылыш паркындагы кароолчулар дагы бир жолу фотокапкандарда сейрек кездешүүчү ак илбирстердин сүрөттөрүн түшүрүүгө үлгүрүштү. Бул тууралуу парктын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сүрөттөрдүн биринде чоң ак илбирстин артынан балдарынын ээрчип жүргөнүн көрүүгө болот, бул адистер үчүн зарыл жана баалуу байкоо болуп саналат.