Кыргызстанда жыл башынан бери чакан насыянын көлөмү 39 пайызга өстү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.
2025-жылдын биринчи кварталында микрокредиттик уюмдар калкка 19 миллиард сомго жакын насыя бергени көрсөтүлгөн. Карыз алуучулардын жалпы саны 343 миңге жакын адамды түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 30,5 пайызга көптүк кылат.
Маалыматтарга караганда, насыя алуучулардын эң көп саны Бишкек шаарында (38 пайыз), андан кийин Ош облусу — 14,5 пайыз, Жалал-Абад — 12 пайыз жана Чүйдө — 10 пайыз.
Берилген микрокредиттердин көлөмү боюнча борбор дагы алдыда турат — 27 пайыз, Ош облусу — 16 пайыздан ашык, Жалал-Абад — 14 пайыз жана Чүй — 13 пайыз.
Микрокредиттердин жалпы санынын 61 пайыздан ашыгы керектөө максаттарына берилген.