04:20
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте башка бирөөлөрдүн батирин сатууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына арыз менен алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жаран кайрылган.

«Шектүү жабырлануучуга Бишкек шаарынан имарат таап берүүнү убадалап, жалпы суммасы 190 миң АКШ доллары турган «Южный» комплексиндеги батирлерин ээлеп алган. Андан соң аны үчүнчү жактарга сатып жиберген. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жаран 1970-жылы туулган Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар